Биз менен байланышыңыз

Катар-2022: Германия экинчи жолу тайпалык оюндан чыга албай калды

Дүйнө , Кыска кабар , Спорт | 2 Дек 2022 | 446 | 0

Немистер тайпалык этаптын акыркы турунда Коста-Риканы (4:2) утуп, бирок Испания Япониядан жеңилгендиктен (1:2) 3-орунга ээ болушту.

Япондор 6 упай менен Е тайпасын жеңип алса, Испания 4 упай менен 2-орундан плей-оффко өттү.

Германия да 4 упай топтоп, бирок кошумча көрсөткүчтөр боюнча испаниялыктарга утулуп калды. Коста-Рика 3 упай менен акыркы орунга чыкты.

2018-жылкы дүйнөлүк чемпионатта дагы Германия тайпадан чыга алган эмес. Анда, Түштүк Корея, Швеция жана Мексика менен бир тайпада ойногон.

Белгилей кетсек, 2014-жылы германиялыктар дүйнө чемипону болгон.

Ага чейин үч жолу (2010, 2006, 2002) дүйнөлүк чемпионатта, алдыңкы команда деген топ 3 катарына кирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM