Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда Түркиянын PayPorter акча которуу системасы каттоодон өттү

Кыска кабар | 2 Дек 2022 | 215 | 0

Улуттук банк Кыргызстанда PayPorter эл аралык акча которуу системасын каттады. Системанын оператору HIZLIPARA ÖDEME HIZMETLERI VE ELEKTRONIK PARA A. Ş. деп аталат.

Түрк компаниясы толугу менен ата мекендик капиталдын негизинде түзүлгөн финансылык мекеме болуп саналат.

PayPorter Түркиядан дүйнөнүн дээрлик 200 өлкөсүнө, анын ичинде Кыргызстан, Өзбекстан, Орусия, Казакстан, Украина, Грузияга акча которууларды ишке ашырат.

Компаниянын банктык жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кеңешинин 2017-жылдын 21-июнундагы № 7398З чечиминин негизинде электрондук акча институту катары иштөөгө лицензиясы бар. Ал төлөм системалары жана баалуу кагаздар, төлөм кызматтары жана электрондук акча боюнча эсептешүү системалары жөнүндө мыйзамга ылайык кабыл алынган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM