Биз менен байланышыңыз

Улуттук банк: Ноябрга карата жылдык инфляция 14,5%ды түзүүдө

Кыска кабар | 2 Дек 2022 | 128 | 0

Кыргызстандын банк тутумун жөнгө салуу, өлкөнүн финансылык туруктуулугуна көмөк көрсөтүү, калкы кредиттөө системасы жана банктардын ишмердүүлүгү боюнча парламенттеги «Ишеним» фракциясынын жыйыны өттү.

Улуттук банктан төрагасынын орун басары Кайып Куленбеков билдиргендей, Кыргызстан да көптөгөн өлкөлөр сыяктуу эле туруктуу инфиляциялык басымга дуушар болууда. Ушул жылдын ноябрына карата жылдык инфляция 14, 5%ды түздү.

«Мындай шартта Улуттук банк улуттук валютаны сатып алуу жөндөмдүүлүгүн сактоого жана экономикадагы инфляциялык процесстерди чектөөгө багытталган акча-кредиттик саясатты жүргүзүүнү улантууда. Бул багытта 2022-жылдын башынан бери Улуттук банк үч жолу катары менен эсептик ченди 8%дан 14%га көтөрдү. Бирок ушул жылдын 28-ноябрында Улуттук банк эсептик ченди 13%га төмөндөттү. Ошону менен акча -кредиттик саясаттын багытын акырындык менен жумшартууга өзгөрттүк», — деди Куленбеков.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM