Биз менен байланышыңыз

Улуттук банк доллардын тартыштыгынын себеби эмнеде экенин түшүндүрдү

Кыска кабар | 2 Дек 2022 | 303 | 0

Улуттук банк валюта рыногундагы кырдаал боюнча түшүндүрмө берди. Экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу жана кризистин кесепеттерин азайтуу максатында банк тарабынан бир катар антикризистик чаралар көрүлгөн.

Анын ичинде коммерциялык банктарга, алмашуу бюролоруна жана микрофинансы уюмдарына накталай АКШ долларын өлкөнүн сыртына алып чыгууга тыюу салуу белгиленген. Бирок ошол эле учурда Кыргызстандын мыйзамдарында капиталдын эркин кыймылы каралган, бул жеке жана юридикалык жактар ​​тарабынан чет өлкө валютасын өлкөгө эркин ташып келүү, экспорттоо мүмкүнчүлүгүн берет.

Накталай доллардын тартыштыгына алып келген факторлордун бири — аны өлкөгө алып келүүнүн логистикалык байланышынын бузулушу жана айрым адамдар тарабынан валюталардын курстук айырмадан пайда табуу максатында алып сатарлык операцияларды жүргүзүүлөрү саналат.

«Бүгүнкү күндө айрым жергиликтүү коммерциялык банктар накталай доллардын зарыл көлөмү менен камсыз кылуу үчүн алып келип жатышат. Ошол эле учурда, накталай акчаны жеткирүү үчүн логистикалык байланыштын татаалдыгы алардын акыркы наркына таасир этет.

Коммерциялык банктар тарабынан берилген маалыматка ылайык, АКШ долларын накталай акчага айландыруу үчүн комиссиялык төлөм өлчөмү накталай акчага айландырылган чет өлкө валютасынын суммасынан 0,5 пайыздан 4 пайызга чейин түзгөн. Банк мыйзамдарында коммерциялык банктар керектөөчүлөр үчүн маалыматтын ачык жарыяланышын жана жеткиликтүү болушун камсыз кылуу менен банктык кызмат көрсөтүүлөр үчүн комиссиялык сый акыларды жана тарифтерди өз алдынча белгилөө каралган» , — деп айтылат маалыматта.

Улуттук банктын талаптарына ылайык, чет өлкө валютасын маалымат тактасында көрсөтүлгөн курстан айырмаланган курс боюнча сатып алууга жана сатууга тыюу салынган. Чет өлкө валютасы бар болсо аны чектөөсүз сатууга милдеттүү.

Улуттук банк коммерциялык банктардын жана алмашуу бюролорунун ишин туруктуу негизде көзөмөлдөп турары айтылды.

Copyright © 2017 Maral FM