Биз менен байланышыңыз

Быйыл 9 айда 117,4 млн сом жайыт жыйымдары чогултулду

Кыска кабар | 2 Дек 2022 | 209 | 0

Быйыл 9 айда Кыргызстанда 117 млн 464 миң 523 сом жайыт жыйымдары чогултулду. Бул тууралуу Жайыт жана асыл тукум мал чарба департаментинин директору Жаныбек Керималиев билдирди.

Анын айтымында, бул өткөн жылдын 9 айына карата 33 млн 467 миң 924 сомго көп же план 140%га ашыгы менен аткарылды.

«Кыргызстанда жайыт жерлери 9 млн гектардан ашык жерди ээлейт, анын ичинен 1,6 млн гектардан ашыгын отоо чөп баскан. Ал эми республика боюнча жайытка чыккан малдын жалпы саны 5 млн 477 миң 78 башты түзөт», — деди ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM