Биз менен байланышыңыз

Катар: Марокко 36 жылдан бери биринчи жолу дүйнөлүк чемпионаттын плей-офф баскычына чыкты

Дүйнө , Кыска кабар , Спорт | 2 Дек 2022 | 350 | 0

Марокконун футбол боюнча курама командасы Катарда өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунун плей-офф баскычына чыкты.

Марокко курамасы 36 жылдан бери биринчи жолу плей-ооф баскычына чыгышты. Алар, тайпалык этаптын үчүнчү айлампасында Канада курама командасын 2:1 менен жеңип алды.

Голдорду жарым коргоочу Хаким Зиеч менен чабуулчу Юсеф Эн-Несири киргизди. Ошентип марокколуктар жети упайга ээ болуп, F тайпасында биринчи орунду ээледи.

Бул тайпадагы башка оюнда Хорватия Бельгия менен 0:0 эсебинде тең чыкты. Бул жыйынтык хорваттарга беш упай менен таблицада экинчи орунду ээлеп, турнирдин 1/8 бөлүгүнө чыгууга шарт түздү. Үчүнчү орунда төрт упайга ээ болгон бельгиялыктар, төртүнчү орунда Катарда үч беттеште тең утулуп калган канадалыктар болду.

Катардагы футбол боюнча дүйнөлүк чемпионат 20-ноябрда башталган 18-декабрда аяктайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM