Биз менен байланышыңыз

“Элим, барсыңбы?!” кайрымдуулук фонду 100 баланы жылуу кийим менен камсыздады

Кыска кабар | 1 Дек 2022 | 246 | 0

3-декабрь, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын эл аралык күнүнө карата кайрымдуулук кутуларынан түшкөн каражаттардан “Элим, барсыңбы?!” коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан шаардык реабилитациялоо борборундагы 100 балага жылуу кийимдер жана таттуулар берилди. Бул тууралуу аталган фонддун жетекчиси Айдар Кубанычбеков билдирди.

Ал салым кошкон ар бир мекендешке терең ыраазычылык билдирди. Буга чейин, 13-ноябрда «Элим, барсыңбы?!» коомдук кайрымдуулук фонду «Мээримдүү тыйын» акциясын өткөргөн.

Биринчи жолу 2015-жылы “Мээримдүү тыйын” акциясы уюштурулуп, ийгиликтүү өткөн.

Жыл сайын бул чоң иш-чарада 250 миң сомдон ашуун акча жыйналып, Фонддун каттоосунда турган жүрөк ооруу операцияларына даарыланууга жумшалат.

Акциянын жүрүшүндө Кыргызстан боюнча 80ден ашуун баланын өмүрү сакталган.

«Элим, барсыңбы?!» коомдук кайрымдуулук фонду 10 жылдан ашуун убакыттан бери муктаждарга жардам колун сунуп келе жатат.

Фонд калктын жакыр катмарынын жашоо сапатын жакшыртууга колдоо көрсөтүп, жумушсуз, мүмкүнчүлүгү чектелген, жана башка муктаж болгон жарандарыбызга материалдык, моралдык жана юридикалык жардам берип, станционардык мекемелерге колдоо көрсөтүп, калк арасында кайрымдуулук маданиятын жайылтууга үндөп келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM