Биз менен байланышыңыз

Токторбаев: Сооронбай Жээнбековду да камаш керек

Кыска кабар | 1 Дек 2022 | 357 | 0

Бүгүн, 1-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жеңишбек Токторбаев президент Садыр Жапаровго кайрылды. Ал кечээки парламенттин жыйынында мурунку депутаттар Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровго козголгон кылмыш иштер тууралуу айткандан кийин прокуратура суракка чакырганын билдирди. Ошол эле учурда Жээнбековдор менен Башкы прокурордун кандай байланышы бар деген суроо салды.

«Биз кылмышкербизби? Мен 11 миң добуш менен келгем. Туура эмес иш болду. Биз башкы прокурорго асылдыкпы? Биз элдин арызын айттык. Аларды жеткирбесек, анда “балык” депутат болуп отурушубуз керекпи? Элдин үнүн жеткирдик. Менде ондогон арыздар бар. Башкы прокурордун Жээнбековдор менен кандай мамилеси бар экенин билбейм. Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровго кошуп, Сооронбай Жээнбековду дагы сөзсүз камаш керек. Ал Атамбаев менен чогуу табакташ болуп жүргөндө анын жакшылыгын көрүп, жамандыгы болгондо бөлөк туруш керекпи?», — деди ал.

Сөзүнүн аягында депутат эгерде Жээнбековдорду прократура органдары коргой турган болсо, алдыда айта турган сөздөрү көп экендигин айтты.

Кечээ, 30-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында ал экс-депутаттар Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровго козголгон кылмыш иштер тууралуу айтып, ал иштердин жыйынтыгын талап кылган.

Кечинде Жеңишбек Токторбаев Башкы прокуратурадан сурактан чыкканы боюнча Фейсбуктагы баракчасына жазган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM