Биз менен байланышыңыз

Талиева эки депутаттын суракка чакырылышын аша чапкандык деп баалады

Кыска кабар | 1 Дек 2022 | 310 | 0

Бүгүн, 1-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Камила Талиева эки депутаттын прокуратурага суракка чакырылышын аша чапкандык деп баалады.

Анын айтымында, депутаттар айткан пикирлери үчүн куугунтукка алынбашы керек.

«Кечээ претендент түзүлдү. Биз Башмыйзам менен жашаган мамлекетпизби? Башмыйзамды окуп, беренелерин карап коюшса болмок. Биздин Башмыйзамда дагы, Регламентте дагы жазылып турат «депутаттар сүйлөгөн сөзү жана ой-пикири үчүн куугунтукка алынбашы керек» деп. Эгерде прокурорлорго маалымат керек болсо, келип эле кабинетинен алып кетишсе болмок. Мындай претендент эми кайталанбашы керек. Ошондуктан буга саясий жана мыйзамдык баа берип коелу. Менин оюмча бул аша чапкандык болуп жатат», — деди Талиева.

Кечээ, 30-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Жеңишбек Токторбаев менен Шайлообек Атазовдор Башкы прокуратурадагы коррупциялык иштерди сынга алышкан, түштөн кийин алар прокуратурага суракка чакырылышкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM