Биз менен байланышыңыз

Атазов: Суракка чакырылганыма арданбайм, бирок Башмыйзам бузулуп жатат

Кыска кабар | 1 Дек 2022 | 298 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов парламенттин бүгүнкү жыйынында кечээ элден түшкөн арызды Башкы прокуратура карап койсуң дегендиги үчүн прокуратура органынын үч кызматкери келип суракка алып баргандыгын мыйзамсыз деп атады.

«Элден түшкөн арыздарды Башкы прокуратура капар койсуң деген ойду айтып жатабыз. Бизди келип үч прокурор суракка чакырып кетип жатат. Биз суракка чакырганга арданбайбыз. Болгону Башмыйзам бузулуп жатат. Биз мамлекеттин саясатын колдогон депутаттарбыз, коопсуздук үчүн, келечек үчүн президенттин саясатын колдоп жатабыз. Мен кечээ көтөргөн маселелер боюнча иштеп башташыптыр. Мына ошол иштерди депутаттар көтөргөндөн кийин гана иштеш керек беле. Ошону өздөрү эле билип, өз учурунда аткара берсе болбойбу? Азыр түнү менен дагы прокуратура органына нааразы болгондордон арыздар түшүп жатат. Мен Башкы прокурордон суранат элем, кечээки суракта сиздин өкүлдөрүңүз эки күндө жыйынтык чыгарып беребиз деди, ошону аягына чыгарып бериң», — деди эл өкүлү.

Ошондой эле ал сөзүнүн аягында төрага Шакиевге кайрылып, эки депутатты кабинетинен прокуратура органдарынын алып кетүүсү мыйзамдуу болуп-болбогондугун сурады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM