Биз менен байланышыңыз

Туманбаев: Төрт пайыз менен берилүүчү ипотекалык үйлөр курула баштады

Кыска кабар | 1 Дек 2022 | 180 | 0

Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев өлкөдө 15 кабаттуу үйлөр массалык курула баштаганын Фейсбук баракчасына жазды. Алар 4% менен мамлекеттик ипотеканын негизинде бардык жарандарга берилет.

Ошондой эле ипотеканын мөөнөтү 10 жылдан 25 жылга чейин узартылган.

«Жакында өз ишин жыйынтыктаган Биринчи Элдик Курултайдын жүрүшүндө делегаттардан ипотекага үй алуу боюнча маселе көтөрүлүп, жыйын жыйынтыгында Президент Садыр Нургожоевич мамлекеттик ипотеканын пайыздык чени 14төн 4 % чейин түшүрүлгөнүн, берүү мөөнөтү да он жылдан жыйырма беш жылга чейин узартылганын, кийинки жылдан тартып ипотекага бериле турган үйлөр өлкө боюнча массалык түрдө курула баштарын билдирген.»Мамлекет башчыбыз бул курула турган үйлөр жалаң гана мамлекеттик кызматкерлерге эмес, бардык жарандарга берилерин белгилеген. Эми жогоруда белгиленген үйлөрдүн курулушу башталды. Алар 15 кабаттуу үйлөр» , — деди ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM