Биз менен байланышыңыз

Депутат Токторбаев Зулушевге: Мени коркутуп токтото албайсыңар

Кыска кабар | 1 Дек 2022 | 920 | 0

«Ата-Журт-Кыргызстан» фракциясынан депутат Жеңишбек Токторбаев Башкы прокуратурага барып, 3,5 саат сурак берип чыккандыгын өзүнүн Фейсбук баракчасына жазды.

Анын айтымында, ал кечээ Жогорку Кеңештин трибунасынан прокуратура тармагындагы коррупция күчөп, монстрага айланып бараткандыгын айткан сынынан кийин чакырылган.

Кайрылуусунда башкы прокурор Курманкул Зулушевге кайрылып, аны мындай жолдор менен коркута албастыгы жазылат.

«Урматтуу башкы прокурор, мени мындай жолдор менен коркутуп токтото албайсыңар. Мен сенден эмес эл алдында берген антымдан гана корком! Кимдин-ким экенин, кайсы жактан, кантип дем алганын өтө жакшы билебиз. Мындай иш аракеттердин арты жакшылыкка жеткирбесин эскертем. Өткөн күндөргө сарасеп салып, бүгүн ким экениңди унутпоо үчүн Шералынын чокоюн төрүңө илип кой. Бул бүгүн башкы прокурор болсоң эртең адвокат болуп калбашыңа жардам берет. Мен элдин өтүнүчүн, кайрылуусун эл өкүлү катары аткарууга милдеттүүмүн деп билем. Эл тарабынан элдин укугун коргоо үчүн шайланып келгенмин. Элдин үнүн мен аркылуу мындай ыплас жолдор менен токтотобуз дешиңер мүмкүн бирок элдин оозун жаап токтото албайсыңар!» , — деп жазган ал.

Кечээ, 30-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Жеңишбек Токторбаев менен Шайлообек Атазовдор Башкы прокуратурадагы коррупциялык иштерди сынга алышкан, түштөн кийин алар прокуратурага чакыруу алышкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM