Биз менен байланышыңыз

Катар-2022: Дүйнөлүк чемпионатка даярдык учурунда 500 адам каза болгону айтылды

Дүйнө , Кыска кабар , Спорт | 30 Ноя 2022 | 422 | 0

Катарда Дүйнөлүк чемпионатка даярдык учурунда  500гө чейин эмгек мигранты каза болгон.

Бул тууралуу 2022-жылкы Дүйнө чемпиондугун өткөрүү жана мурастоо боюнча Катардын жогорку комитетинин башкы катчысы Хасан аль-Тавади британиялык журналист Пирс Морган менен болгон маегинде билдирди.

«Болжол менен 400дөн 500гө чейин. Менде так саны жок, бир өлүм болсо дагы өтө көп», — деди Хасан аль-Тавади.

The Guardian басылмасы жазгандай, Катар 2022-жылкы дүйнөлүк чемпионатты өткөрүү укугун алган 2010-жылдын декабрынан 2021-жылдын февралына чейин өлкөдө Индия, Пакистан, Непал, Бангладеш жана Шри-Ланкадан келген 6500 жумушчу каза болгон.

Өз кезегинде Катар өкмөтү кабарланган өлүмдөрдүн баары эле дүйнөлүк чемпионатка арналган объектилерде иштегендиктен эмес экенин, курулушта 37 адам каза болсо, анын үчөө гана жумуш убактысында болгонун, көбү карылыктан же башка табигый себептерден каза болушу мүмкүн деп кошумчалаган.

Белгилей кетсек, Катарда дүйнө чемпионаты 20-ноябрда башталган, 18-декабрга чейин уланат.

Катар-2022: Дүйнө чемпионатынын 1/8 баскычынын алгачкы жуптары белгилүү болду 

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM