Биз менен байланышыңыз

Financial Times: Миллиардер Жек Ма Кытайдан чыгып кетти

Дүйнө , Кыска кабар | 30 Ноя 2022 | 689 | 0

«Алибаба» интернет компаниясынын түзүүчү Жек Ма Кытайдан чыгып, Жапониянын борбору Токиодо дээрлик алты айдан бери жашап жатат. Бул тууралуу Financial Times басылмасы жеке булактарына таянып жазды.

Миллиардер эки жыл мурун Кытайдын каржы системасын сындап, көпкө көрүнбөй калгандан кийин анын кайда экени тууралуу кептер айтылып келген. Анын өз мекенинен кетиши Кытайда COVIDге каршы чаралар күчөтүлүп, таасирдүү ишкерлерге кысым күчөгөн учурга туш келди.

Андан көп узабай Кытай бийлиги Alibabaнын туунду компаниясын, финтех компаниясын токтотуп, Alibabaга каршы антимонополиялык иликтөө жүргүзүп, натыйжада 2,8 миллиард доллар айып салган.

Financial Times басылмасынын маалыматына караганда, Жек Ма Токиого көчүп баргандан кийин коомдук ишмердүүлүгүн азайтып, үй-бүлө мүчөлөрү менен бирге Жапониянын ысык булактарына жана лыжа курортторуна барып, АКШ менен Израилге үзгүлтүксүз саякаттап турду.

Жапон заманбап искусство булактары миллиардер акварель менен сүрөт тартууга кызыгып калганын айтышкан.

59 жаштагы Жек Ма 1999-жылы Alibaba компаниясын негиздеген. Bloomberg агенттигинин миллиардерлер индекси боюнча ал  Кытайдын эң бай төртүнчү адамы.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM