Биз менен байланышыңыз

1-декабрда көпчүлүк аймакта кар жаайт

Кыска кабар | 30 Ноя 2022 | 268 | 0
Сүрөт: Zafer Dincer

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 1-декабрда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Нарын облустарынын көпчүлүк аймагында, Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарында кар жаайт, Чүй, Жалал-Абад жаан нөшөрлөп жаайт.

Күндүз Жалал-Абад, Чүй, Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймагында кар жаайт, Талас, Баткенде жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдорго муз тоңуп, тайгалак болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз -3…+2;

Талас жергесинде түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…-5;

Ош, Жалал-Абад, Баткен дубандарында түнкүсүн -1…+4, күндүз +3…+8;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…-5;

Нарын облустарында түнкүсүн -5…-10, күндүз -4…+1;

Бишкекте 1-декабрда кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн -1…-3, күндүз -1…+1 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM