Биз менен байланышыңыз

Жапаров «Элдик курултай жөнүндө» мыйзам долбоорунун кайра каралуусун каалайт

Кыска кабар | 30 Ноя 2022 | 304 | 0

Президент Садыр Жапаров биринчи элдик курултайдын аксакалдар кеңешинин мүчөлөрү менен жолугушту. Ал аксакалдарды курултайдын ийгиликтүү өтүшү менен куттуктап, эки күн бою ачык-айкын сөздөр айтылып, бул жыйын ошонусу менен өзгөчөлөнгөнүн айтты.

Жапаров бул Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экендигин, өлкө демократиялык туура жолдо баратканын айгинелеп турарын белгиледи.

Президент бүгүнкү күндө «Элдик курултай жөнүндө» мыйзам долбоорун кайра жылдыруу маселеси тургандыгын белгиледи.

Жогорку Кеңеш «Элдик курултай жөнүндө» мыйзам долбоорун артка кайтарган. Президент ыйгарым укугун пайдаланып «Элдик курултайды чакыруу жөнүндө» жарлык чыгарган жана курултайды чакырган.

Биринчи элдик курултай 25-26-ноябрда Бишкекте өттү. Ага чейин жер-жерлерде уюштурулду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM