Биз менен байланышыңыз

Медер Алиев Кемпир-Абад маселесине байланыштуу комитет төрагалыгынан кетти

Кыска кабар | 30 Ноя 2022 | 1064 | 0

Медер Алиев Жогорку Кеңештеги Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин төрагалыгынан кетти.

Бул тууралуу парламенттин 30-ноябрдагы жыйынында белгилүү болду.

Ал комитет төрагалыгынан кетүү чечимин өз ыктыяры менен кабыл алганын, буга Кемпир-Абад маселеси себеп болгонун айтты.

«Бул чечимди жеке өзүм кабыл алдым, эч ким мажбурлаган жок. Кыскача айтканда, өткөндө Кемпир-Абаддагы маселе себеп болду.

Бир нерсени так айта алам, комитеттин жетекчилигин алып барууда мыйзамдарды бузбай, коррупцияга барбай, татыктуу жетектедим деп айта алам. Депутат болуп келип, комитетти жетектеп, бир дагы тууганымды кызматка койгон жокмун. Тескерисинче, төрт бир тууганымдын бири мамлекеттик кызматта иштейт эле, андан өз арызы менен кетсин деп сурандым» , — деди Медер Алиев.

Депутат мындан тышкары, Кыргызстанда олуттуу саясатчы болом деген адам же «орусиячыл» же «батышчыл» болушу керек деген туура эмес калыптанып калган түшүнүк бар экени белгилейт. Ошондой эле бийликти колдогон жана оппозициядагы саясатчылар бар.

Өзү болсо альтернативалык, жаңы муундун көз карашындагы, бир гана Кыргызстандын кызыкчылыгын коргогон саясатчы болугусу келерин айтты.

Жогорку Кеңештин 17-ноябрдагы жыйынында кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелерин делимитациялоо боюнча келишимди ратификациялоо жөнүндөгү мыйзам долбоорун дароо үч окууда карап, кабыл алган. Ошондой эле Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу тууралуу келишим да колдоо тапткан.

Copyright © 2017 Maral FM