Биз менен байланышыңыз

Баткенде лицензиясы жок иштеп жаткан автомектептин бөлүмү жабылды

Кыска кабар | 29 Ноя 2022 | 226 | 0

Баткен облусунда лицензиясы жок ишмердүүлүк жүргүзүп келген автомектептин филиалы жабылды. Бул тууралуу Баткен милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Транспорт ишин жөнгө салуу жана лицензиялоо тобунун улук инспектору Айбек Худаяров билдиргендей, облустун аймагында жалпысынан 27 автомектеп бар. Анын ичинен 5 спорттук-техникалык коргонуу уюму мекемеси (ДОСАФ), 10 кесиптик лицейи жана 12 жоопкерчилиги чектелген коом мекемелери бар.

Атайын түзүлгөн эксперттик комиссиянын курамы жыл башынан бери аталган автомектептердин айдоочулук курамды даярдоо жана кайра даярдоо багытында жүргүзгөн иштерине, лицензиялык талаптардын сакталуусу боюнча окуу жайлардын ишмердүүлүгүнө текшерүүлөрдү жүргүзүп келет.

Ошондой эле текшерүүнүн жыйынтыгында Укук бузуу жөнүндө кодексинин 284-беренесинин 1-2 бөлүмүнүн негизинде 3 протокол жазылып, эч кандай лицензиясы жок автомектеп ачып алгандыгы үчүн 1 автомектептин филиалы жабылган.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM