Биз менен байланышыңыз

Бишкекке келе турган жаңы автобустарга айдоочу алынат

Кыска кабар | 29 Ноя 2022 | 322 | 0

Бишкек шаардык жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт ишканасы автобус айдоочуларын жумушка кабыл алат. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Борборго жакында Кытайда чыгарылган 120 автобустун алып келиниши күтүлүүдө.

D категориясындагы айдоочулар тийиштүү документтерди тапшырып, андан тышкары, унааны газ кыймылдаткычында башкарууга уруксат берген күбөлүк да бериши керек.

Бишкекке жаңы автобустар декабрдын орто ченинде келери айтылган.

Автобустарды сатып алууга шаардык бюджеттен 1 млрд сом бөлүнгөн. Муниципалитет аларды Zhongtong Bus Holding Co., Ltd. компаниясынан сатып алган. TX автобустары 10,5 метр, газ кыймылдаткычы менен жүрөт жана кондиционери бар.

Автобустун сыйымдуулугу 75 адамга ылайыкталган, анын 26сы отургучтар.

Бардык суроолор боюнча телефон аркылуу кайрылыңыздар: 53-17-89, 53-18-14, 0705 86 84 64.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM