Биз менен байланышыңыз

Бишкекте төрөлгөн балдарга Жапаров менен Ташиевдин ысымы берилди

Кыска кабар | 29 Ноя 2022 | 734 | 0

Бишкекте төрөлгөн үч эмдин бирине президент Садыр Жапаровдун, экинчисине УКМК башчысы Камчыбек Ташиевдин аты берилип, үчүнчүсүнө Ынтымак ысымдары коюлду.

Бул тууралуу Эне жана баланы коргоо борборунан кабарлашты.

Маалыматка караганда, 1981-жылы туулган Ысык-Көл облусунун тургуну 25-ноябрда Бишкектеги ооруканада кесарево жолу менен төрөгөн. Учурда ымыркайлар менен эненин абалы жакшы. Ымыркайлардын салмагы 2,35, 2,45 жана 2,3 килограммды түзөт.

Жубайлардын үч эмден тышкары, эки кыз, эки уулу бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM