Connect with us

Аялдарга зомбулук жасагандарга карата жаза күчөтүлөт

Коом | 29 Ноя 2022 | 612 | 0

Кыргызстанда үй-бүлөлүк жана сексуалдык зомбулукка чараны катаалдатуу, зомбулуктан жабыркаган адамдарды өз убагында коргоо максатында мыйзам долбоору иштелип чыкты. Эгер сунушталып жаткан өзгөртүүлөр кабыл алынса, зордуктоого, сексуалдык зомбулук көрсөтүүгө, балакатка жете электерди мажбурлап никеге тургузууга, алардын никесин кыюуга шектүүлөргө карата козголгон кылмыш иши тосмо арыз жазылган учурда да жабылбайт. Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин депутаты Динара Ашимова тарабынан демилгеленип, учурда коомдук талкууда.

Расмий маалымат боюнча өлкөдө акыркы эки жылда 20дан ашык аял зомбулуктан каза болгон. Жылына 10 миңге жакын аял үй-бүлө зомбулугунан жабыркайт. Үй-бүлөлүк зомбулук фактыларынын 90% дан  ашыгы сотко жетпей ар түрдүү себептер менен кыскарып кетет. Муну менен катар канчалаган зомбулук катталган учурлар ачыкка чыкпай калууда.

Бул үчүн атайын «Үй-бүлөлүк, сексуалдык жана гендердик зомбулуктан коргоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» деп аталган мыйзам долбоору иштелип чыкты.

Демилгечи Динара Ашимова аталган мыйзам долбооруна киргизилген өзгөрүүлөр тууралуу маалымат берди.

«Зордуктоо боюнча жана жашы жете электерге ыдык көрсөткөн учурларда кылмыш иш эч качан жарашуу жолу менен кыскарбайт. Сотко чейин сөзсүз жетиши керек. Мыйзам долбоору боюнча, зомбулук көрсөткөн адамдар милдеттүү түрдө түзөтүү программаларынан өтөт. Зомбулукка байланыштуу укук бузуулар үчүн жарандарды 7 суткага чейин камакка алуу сунушталды. Үй-бүлөлүк зомбулук фактылары боюнча кылмыш иши жабырлануучунун арызы жок кезде да милдеттүү түрдө козголот. Тагыраагы, жабырлануучу гана эмес, кошунасы же тууганы, же окуяга күбө болгон жарандар да арыз бере алат. Зомбулук көрсөткөн адам үйүнөн чыгып кетүүгө милдеттүү болот. Ата-эне чыр-чатакка барып, алардын бирине орой мамиле жасалса, аны көргөн же күбө болгон балдар жабырлануучу деп таанылат».

Сунушталган мыйзам долбооруна ылайык, кылмыш ишин тергөөдө жабырлануучунун укуктары көбөйөт. Убактылуу коргоо ордеринин мөөнөтү 3 күндөн 30 күнгө чейин узартылат. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандарга акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт (адвокат).

Өлкөдө зомбулукка кабылган жарандардын көпчүлүгү кризистик борборлорго кайрылышат. Алардын жарымынан көбүн үй-бүлөлүк зомбулукка кабылгандар түзөт.

«Кризистик борборлор ассосациясынын» жетекчиси Толкун Тюлекова кризистик борборлорго кайрылган аялдардын саны өскөнүн, аялдардын зомбулук темасы тууралуу үн ката баштаганын айтты.

Ошондой эле ал зомбулукка күбө болгондорду дароо милицияга кабар берүүгө чакырды.

«Бир жылда кризистик борборлорго 7000ге жакын аял жардам сурап кайрылат. Үй-бүлө зомбулугу боюнча статистика өскөнү маселенин курчуп баратканы эле эмес, аялдарда укук коргоо органдарына болгон ишеним жаралып, жардам сурап баштаганынан кабар берет. Демек, аялдар үн ката баштады. Буга чейин кризистик борборлорго мамлекеттен бөлүнгөн каражат жетишсиз болгон. 2018-жылдан баштап борборлорго бөлүнгөн каражаттын суммасы көбөйдү. Кризистик борборлор жабыркагандарга тийиштүү жардамдарды көрсөтүп келет. Ал эми мыйзамда сунушталып жаткан өзгөрүүлөр боюнча күбө болгон адамдардын да ролу чоң. Зомбулукту көрдүңбү кабарла, үн кат, милицияга кайрыл».

Демилгечилер үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган адамдарды түзөтүү программасынан өтүү механизмдерин күчөтүүнү туура көрүштү.

Ошол эле учурда төмөнкү кылмыштар боюнча тосмо арыздын негизинде кылмыш иштерин жабууга тыюу салынат:

— зордуктоо (154-берене);

— сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер (155-берене);

— жашы жете элек адам менен никеге турууга мажбурлоо (173-берене);

— диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамды бузуу (нике) (175-берене).

Гендердик эксперт, адвокат Евгения Крапивина 2021-22-жылдардагы соттор тарабынан каралып жаткан гендердик кылмыштар боюнча изилдөө жасаган. Ал тосмо арыз көп ишти сотко жеткирбей келгенин айтты.

«Гендердик кылмыштар боюнча, тосмо арыз көп ишти сотко жеткирбей келгенин билебиз. Мисалы, 2021-жылы «Зордуктоо» беренеси боюнча, 474 иш тосмо арыздын негизинде токтотулган, 158 учур гана сотко жеткен. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин статьяларында карама-каршылыктарды жоюу керек. Нике курагы жөнүндө мыйзамды бузгандыгы үчүн тараптардын жарашуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруу зарыл. Гендердик оор кылмыштар үчүн шарттуу түрдө жазадан бошотуу жөнүндө ченемди алып салуу. Кыргызстандын сотторунун гендердик кылмыштарды кароонун бирдиктүү стандарты жөнүндө Жогорку соттун Пленумунун токтомун кабыл алуу маанилүү».

Кыргызстанда 25-ноябрдан тарта аялдарга карата зордук-зомбулукту алдын алууга жана жоюуга чакырган 16 күндүк акция башталган.

Ушул тапта социалдык тармактарда «Үй-бүлөлүк зомбулук менен күрөш чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору тууралуу маалыматтык кампания өтүп жатат.

Учурда жогоруда айтылган мыйзам долбоорунун талкуусу уланып жатат. Талкуу АКШнын Эл аралык өнүктүрүү программасынын (USAID) «Жигердүү жарандар» долбоору жана «Теңдик нуру» уюмунун жардамы менен уюштурулууда.

 

Copyright © 2017 Maral FM