Биз менен байланышыңыз

«Зомбулук кылган адам үйдөн чыгарылат». Мыйзамдагы өзгөртүүлөр (видео)

Кыска кабар | 29 Ноя 2022 | 633 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Динара Ашимова үй-бүлөдөгү зомбулуктун алдын алууга багытталган мыйзам долбоорун иштеп чыккан. Учурда ал коомдук талкууда. Депутат сунушталып жаткан өзгөртүүлөр тууралуу «Маралдын» түз эфиринде маалымат берди.

Мыйзам долбоору «Үй-бүлөлүк, сексуалдык жана гендердик зомбулуктан коргоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» деп аталат. Максаты, үй-бүлөлүк жана сексуалдык зомбулукка чараны катаалдатуу, зомбулуктан жабыркаган адамдарды өз убагында коргоо болуп эсептелет.

Мыйзам долбоорундагы сунушталган өзгөрүүлөрдүн негизгилери:

Үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган адамдарды түзөтүү (коррекциялоо) программасын киргизүү сунушталып жатат. Механизмдер күчөтүлөт. Ошол эле учурда төмөнкү кылмыштар боюнча тосмо арыздын негизинде кылмыш иштерин жабууга тыюу салынат:

— зордуктоо (154-беренеси)

— сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер (155-берене.)

— Жашы жете элек адам менен никеге турууга мажбурлоо (173-берене).

— Диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамды бузуу (нике) (175-берене).

Демилгечи зомбулукту — физикалык эле эмес, психологиялык жана экономикалык деп каралышы керек деп эсептейт.

Мыйзам долбоору боюнча, зомбулук көрсөткөн адамдар милдеттүү түрдө түзөтүү программаларынан өтөт. Зомбулукка байланыштуу укук бузуулар үчүн жарандарды 7 суткага чейин камакка алуу сунушталды.

-Үй-бүлөлүк зомбулук фактылары боюнча кылмыш иши жабырлануучунун арызы жок кезде да милдеттүү түрдө козголот. тагыраагы, жабырлануучу гана эмес, кошунасы же тууганы, же окуяга күбө болгон жарандар да арыз бере алат.

-Кылмыш ишин тергөөдө жабырлануучунун укуктары көбөйөт.

 Убактылуу коргоо ордеринин мөөнөтү 3 күндөн 30 күнгө чейин узартылат.

-Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандарга акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт (адвокат).

-Зомбулук көрсөткөн адам үйүнөн чыгып кетүүгө милдеттүү болот.

-Милиция үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган адамды ооруканага жаткырууну камсыздашы керек.

-Милиция  медициналык экспертизанын жыйынтыгын күтпөстөн, зомбулук жасаган адамды арыздын негизинде дароо камакка алат.

-Ата-эне чыр-чатакка барып, алардын бирине орой мамиле жасалса, аны көргөн же күбө болгон балдар жабырлануучу деп таанылат.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда акыркы эки жылда 20дан ашык аял зомбулуктан каза болгон. Жылына 10 миңге жакын аял үй-бүлө зомбулугунан жабыркайт.

Эл аралык уюмдардын изилдөөлөрү боюнча, зомбулукка кабылган аялдардын 60% дан ашыгы милицияга кайрылбайт. Буга байланыштуу жагдай расмий маалыматтан да оор болушу мүмкүн.

Copyright © 2017 Maral FM