Биз менен байланышыңыз

Товар жүгүртүү менен алектенген ишкерлер иштин кагазсыз формасына өтүшөт

Кыска кабар | 29 Ноя 2022 | 278 | 0

Товар жүгүртүүнү жүзөгө ашыруучу ишкердик субъектилер 2023-жылдын 1-январынан тарта Салык кызматынын маалыматтык системасында каттоодон өтүүгө жана электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды колдонууга милдеттүү.

Каттоодон өтүү Салык кызматынын сайтындагы «жеке кабинет» аркылуу ишке ашырылат. Анын артыкчылыгы — ыкчам аткарылып, ишкерлерге контрагенттер менен бир канча мүнөттүн ичинде электрондук документ алмашууга мүмкүндүк берет.

2022-жылдын 15-майынан тарта мунай жана мунай заттарды, товарларды жүгүртүүнү жүзөгө ашырган салык төлөөчүлөр, 2022-жылдын 1-июлунан тарта Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан бекитилген тизмеге киргизилген товарларды жүгүртүү менен алектенген салык төлөөчүлөр бул ыкманы колдонуп жатышат.

Толук маалымат жана консультацияны «Внедрение ЭТТН» Telegram-каналынан (https://t.me/+xkafvyhzJRYxYTEy) же экономикалык иш жүргүзгөн жери боюнча салык органынан алууга болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM