Биз менен байланышыңыз

Сосновкада оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына чектөө киргизилди

Кыска кабар | 29 Ноя 2022 | 261 | 0

Бишкек-Ош жолундагы Сосновка постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилди.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча, кечээ, 28-ноябрда саат 18:00дөн тарта кирген. Аба ырайынын өзгөрүүсүнө байланыштуу улам жолдор тайгак болуп, жол кырсыктарынын келип чыгуу коркунучу бар.

Ал эми Бишкек-Ош унаа жолунун 272-чакырымында жайгашкан Чычкан жана Жалал-Абад облусунун Токтогул районун Арал постторунда да чектөөлөр киргизилип, 40ка жакын оор жүк ташуучу унаалар токтоп турат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM