Биз менен байланышыңыз

Улуттук банкта 37,8 тонна алтын бар экени тастыкталды

Кыска кабар | 29 Ноя 2022 | 1993 | 0

Кыргызстандын Улуттук банкында 37,8 тонна алтын бар экени тастыкталды.

Бүгүн, 29-ноябрда өткөн маалымат жыйында Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева билдиргендей, банктын алтын-валюталык резервинде 13 тонна алтын бар, калган 24,7 тоннасы жөнгө салуучу запас болуп эсептелет.

Президент Садыр Жапаров Бишкекте өткөн элдик курултайда сөз сүйлөп жатып, Улуттук банкта дээрлик 40 тонна алтын бар экенин айткан.

«Улуттук банктын 2022-жылдын 31-октябрындагы финансылык отчетун карасаңыздар, бул маалыматтардын баары чагылдырылган. Алтынга тиешелүү эки берене бар. Бири — 57 миллиард сом — бул запастагы алтын. Ошондой эле 118,4 миллиард сомдук монетардык эмес алтын бар. Бул ачык маалымат», — дейт Аида Карабаева.

Улуттук банк эсептик чен өлчөмүн 14 пайыздан 13%га төмөндөттү. 2022-жылдын 18-ноябрына карата жылдык инфляция октябрь айындагы 15,4 пайыздан төмөндөп, 14,5% пайызды түзгөн.

Copyright © 2017 Maral FM