Биз менен байланышыңыз

Кадамжайда мал уурдоого шектелип эки жаран кармалды

Кыска кабар | 29 Ноя 2022 | 228 | 0

Баткен облусунун Кадамжай районунда мал уурдоого шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Ушул жылдын сентябрь айынан тарта массалык түрдө мал уурулук катталып жаткандыгын билдиришип, жергиликтүү тургундар милицияга арыз менен кайрылышкан.

Арыздар Кадамжай милициясы тарабынан Кылмыш жаза кодексинин 205-беренеси (Уурулук) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө 10 баш бодо мал белгисиз жарандар тарабынан уурдалып, жабырлануучуларга олуттуу зыян келтирилгендиги аныкталган.

Ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында ушул жылдын ноябрь айынын аяк чендеринде Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагынын мурда сот жообуна тартылган 58 жаштагы Ж.К. аттуу тургуну Бишкек шаарында жашырынып жүргөн жери аныкталып, кармалган.

Ошондой эле анын кылмыштуу шериги Орозбеков айыл аймагынын 51 жаштагы тургуну Ы.Т. аттуу жаран экендиги аныкталып, Охна айылынан кармалган.

Учурда кармалган эки жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери уланууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM