Биз менен байланышыңыз

Баткенде аткезчилик менен алектенген жарандар кармалды (видео)

Кыска кабар | 28 Ноя 2022 | 232 | 0

Баткенде аткезчилик менен алектенген эки жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Баткен районунун аймагынын тургуну 23 жаштагы С. Н. М. жана Араван районунун Төө-Моюн айылынын тургуну 51 жаштагы М.Г. Т. улуттар аралык кылмыштуу топ түзүп, Тажикстан-Кыргызстан-Өзбекстан аймактары аркылуу аткезчилик жолу менен 15 миң 40  даана, жалпы суммасы 6 млн 16 миң сомдук «Левонекст» левофлоксацин аталышындагы дарыларды чек арадан мыйзамсыз өткөрүшкөн.

Алар Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек аралары эки тараптуу жабык экендигине карабастан, Баткен районунун Чоң-Талаа айылынан Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарына жеткизип, андан ары Араван районунун Төө-Моюн айыл аймагынан Өзбекстандын аймагына өткөрүп жүргөн жеринен кармалышкан.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренесинин 3-бөлүмүндө (контрабанда) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM