Биз менен байланышыңыз

2023-жылга Соцфонддун кирешелери 93 млрд сомду түзөт

Кыска кабар | 28 Ноя 2022 | 154 | 0

Социалдык фонддун төрагасы Бахтияр Алиев тармактык комитеттин жыйынында 2023-жылга Социалдык фонддун бюджетинин долбоору кирешелер боюнча 93 млрд 229 млн сом суммасында түзүлгөнүн билдирди. Ошондой эле ал 2024-2025-жылдарга 98 млрд 453 млн сом жана 104 млрд 107 млн сом караларын айтты.

«2023-жылы камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүшү 51 млрд 485 млн сом суммасында пландалды. Республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын түшүшү 41 млрд 356 млн сом суммасында каралган. 2023-жылга Социалдык фонддун чыгашалары 87 млрд 507 млн сом, 2024-2025-жылдарга 92 млрд 629 млн сом жана 99 млрд 177 млн сом суммасында пландалууда», – деди Алиев.

Социалдык фонддун төрагасы Бахтияр Алиев белгилегендей, республика боюнча 735 миң пенсионерлер катталган.

Бүгүн Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында «Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2022-жылга бюджети жана 2023–2024-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу жана «Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2023-жылга бюджети жана 2024–2025-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзам долбоорлору биринчи окууда каралды. Жыйынга Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов дагы катышты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM