Биз менен байланышыңыз

Өлкөдө 5-декабрга чейин күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 28 Ноя 2022 | 572 | 0

Кыргызгидромет борбору 29-ноябрдан 5-декабрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты. Ага ылайык, Бишкек шаарында29-ноябрда мезгил-мезгили жаан, кар, жаашы күтүлөт. 30-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кар жаашы мүмкүн. 1-декабрда кар жаашы күтүлөт. 2-5-декабрларда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Чүй облусунда 29-ноябрда көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

30-ноябрда түнкүсүн тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөнүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз айрым жерлерде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

1-декабрда көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт.

2-декабрда түнкүсүн айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт.

2-декабрда күндүз, 3-декабрда жана 4-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

4-декабрда күндүз жана 5-декабрда тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

29-30-ноябрларда жана 2-5-декабрларда айрым жерлерде туман түшүшү күтүлөт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 1-декабрда айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Талас облусунда 29-ноябрда көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт.

30-ноябрда айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт.

1-декабрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт. Күндүз айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт.

2-4-декабрларда жаан-чачын күтүлбөйт.

5-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

29-30-ноябрларда жана 2-5-декабрларда айрым жерлерде туман түшүшү күтүлөт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 1-декабрда айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Ош облусунда 29-ноябрда көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

30-ноябрда түнкүсүн тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, өрөөнүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз айрым жерлерде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

1-декабрда жана 2-декабрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт.

2-декабрда күндүз жана 3-декабрда тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, өрөөнүндө жаан-чачын күтүлбөйт.

4-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, өрөөнүндө жаан-чачын күтүлбөйт.

5-декабрда айрым жерлерде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

29-30-ноябрларда жана 2-5-декабрларда айрым жерлерде туман түшүшү күтүлөт.

Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 1-декабрда айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Жалал-Абад облусунда 29-30-ноябрларда көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

1-декабрда жана 2-декабрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт.

2-декабрда күндүз жана 3-декабрда тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, өрөөнүндө жаан-чачын күтүлбөйт.

4-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, өрөөнүндө жаан-чачын күтүлбөйт.

5-декабрда түнкүсүн айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар жаашы күтүлөт.

29-30-ноябрларда жана 2-5-декабрларда айрым жерлерде туман түшүшү күтүлөт.

Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 1-декабрда айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Баткен облусунда 29-ноябрда көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

30-ноябрда түнкүсүн тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз айрым жерлеринде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

1-декабрда жана 2-декабрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

2-декабрда күндүз жана 3-декабрда түнкүсүн тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, өрөөнүндө жаан-чачын күтүлбөйт.

3-декабрда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

4-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

5-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. Айрым жерлерде туман түшүшү күтүлөт.

29-30-ноябрларда жана 2-5-декабрларда айрым жерлерде туман түшүшү күтүлөт.

Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 1-декабрда айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Ысык-Көл облусунда 29-ноябрда көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт.

30-ноябрда түнкүсүн айрым жерлерде, күндүз көпчүлүк аймактарда жаашы күтүлөт.

1-2-декабрларда айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт.

3-4-декабрларда жаан-чачын күтүлбөйт.

5-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 1-декабрда айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Нарын облусунда 29-30-ноябрларда көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт.

1-декабрда түнкүсүн айрым жерлерде, күндүз көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт.

2-декабрда түнкүсүн айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

3-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт.

4-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт.

5-декабрда түнкүсүн айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт. Күндүз көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 1-декабрда айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM