Биз менен байланышыңыз

10 айда энергетика тармагына 12,6 млрд сом бөлүндү

Кыска кабар | 27 Ноя 2022 | 308 | 0

Быйыл 10 айда Кыргызстанда энергетика жана энергетикалык коопсуздукка 12,6 млрд сом бөлүнгөн. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бул былтыркы жылдык чыгашалардын көлөмүнөн 6,2 млрд сомго көп. Өткөн жылы бул багытка 6,4 млрд сом жумшалган. Ал эми быйыл бул тармакка 15,6 млрд сомдон бир аз ашыгыраак сумманы жумшоо каралууда.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2023-жылы негизги чыгымдар өлкөнүн энергетикалык системасын жакшыртууга багытталып, бюджеттен 10,8 млрд сом бөлүнө тургандыгын парламенттеги жыйында билдирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM