Биз менен байланышыңыз

29-ноябрда композитор Муса Баетовдун 120 жылдыгы белгиленет

Кыска кабар | 27 Ноя 2022 | 301 | 0

29-ноябрда Кыргыз совет ырчысы жана обончу, композитор, Кыргыз эл акыны, Кыргыз ССРинин эл артисти Муса Баетовдун 120 жылдыгы белгиленет. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спрот жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чара Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда саат 11:00до башталат.

Муса Баетов 1902-жылдын 10-ноябрында азыркы Ак-Талаа районунун Байгөнчөк айылында туулган. Анын алгачкы чыгармачыл эмгек жолун Нарын шаардык радиосунда баштаган. Андан соң Кыргыз мамлекеттик филармониясында солист болуп иштеген. Тубаса мукам үнү менен жаштайынан элдик ырларды чебер аткарган.

Муса Баетов жөнөкөй аткаруучудан профессионал опералык ырчыга чейин өсүп, «Манас» операсында Алмамбет менен Сыргактын, «Айчүрөктө» Күлчоронун партияларын ырдаган.

Ал таланттуу обончу да болгон. Кыргыз музыка маданиятынын алтын казынасына анын «Даанышман», «Арпанын Ала-Тоосунан», «Кыздар, ай», «Окудуң борбор шаарынан», «Сагынам» деген сыяктуу кырктан ашык обондуу ырлары калган.

Муса Баетовдун ысымы Нарындагы маданият үйүнө, Бишкек шаарындагы көчөгө, Ак-Талаа районунун борборуна, туулган жериндеги мектепке берилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM