Биз менен байланышыңыз

Талас жана Нарын облусунун 250 мугалими квалификациясын жогорулатат

Кыска кабар | 27 Ноя 2022 | 297 | 0

Эртең, 28-ноябрдан 2-декабрга чейин «Орусия-Кыргызстан: тил, предмет, билим» долбоорунун алкагында Нарын жана Талас облустарынын мугалимдери үчүн квалификация жогорулатуу курстары өткөрүлөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Катышуучулар окутуунун жүрүшүндө функционалдык сабаттуулукту калыптандыруу жана баалоо, математикалык, табигый илимдер, мектептерде STEM билим берүүнү өнүктүрүү боюнча Орусиянын тажрыйбасын өздөштүрө алышат.

Курстарды А.И. Герцен атындагы Орусия мамлекеттик педагогикалык университетинин адистери өтөт.

Белгиленгендей, бул квалификация жогорулатуу курстары Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргызстандагы Росскызматташтыктын өкүлчүлүгү жана А.И. Герцен атындагы Орусия мамлекеттик педагогикалык университети тарабынан уюштурулган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM