Биз менен байланышыңыз

Астанада «митинг өткөрүүгө аракет кылган» ондогон адам кармалды

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Ноя 2022 | 235 | 0

26-ноябрдын кечинде Казакстандын борбору Астанада кеминде ондогон адам кармалганын жергиликтүү маалымат каражаттары жазышты.

Ал убакта Астанада мобилдик жана интернет байланышы жеткиликсиз болуп калган. Интернетке туташуу саат 20:00дөн кийин калыбына келтирилген, бирок интернет толугу менен калыбына келе электиги кабарланууда.

Социалдык тармактарда жана мессенджерлерде MEGA соода борборунун аймагына жакын жерде кармалгандардын видеосу тарап жатат.

КазТАГ агенттиги кармалгандар «митинг өткөрүүгө аракет кылышкан» деп билдирди. Бирок митингдин темасы тактала элек.

А эми «Власть» интернет басылмасы жарандар «борборду көздөй жүрүш жасоого аракет кылышкан» деп жазган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM