Биз менен байланышыңыз

Ташкент — Ош трассасында жол кырсыгынан үч киши каза болду

Кыска кабар | 27 Ноя 2022 | 582 | 0

Өзбекстандын Анжиян облусундагы «Ташкент — Ош — Анжиян» унаа жолунда Isuzu автобусу менен жүк ташуучу унаа кагышып, үч киши болуп болуп, 38 адам жабыркады. Бул тууралуу Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматына таянып жергиликтүү басылмалар жазды.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы ишемби күнү болжол менен саат 08:10до аталган  унаа жолдун 389-390-чакырымында туман каптап турган кезде катталган. Алдын ала маалыматка караганда, автобустун айдоочусу жол эрежесин бузуп, карама-каршы тилкеге чыккан.

Ар кандай жараат алган 38 адам Анжиан облусундагы Бустанск районунун бириктирилген ооруканасына жеткирилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM