Биз менен байланышыңыз

Баткенге 10 айда 3,3 млрд сомдук инвестиция тартылды

Кыска кабар | 27 Ноя 2022 | 237 | 0

Быйыл 10 айда Баткен облусунун аймагына тартылган инвестициялардын көлөмү, анын ичинен эл аралык уюмдардын жана жеке тараптардын инвестициясын кошкондо 3 млрд 334 млн сомду түзүп, жалпысынан 69 долбоор ишке ашты. Бул тууралуу Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Ушул жылдын башынан тартып Баткен району боюнча ички жана сырткы инвестициялардын көлөмү 421,1 млн сомду түзүп, жалпысынынан 9 долбоор ишке ашкан. Лейлек району боюнча инвестициялардын көлөмү 566,2 млн сомду түзүп, жалпысынынан 22 долбоор ишке ашкан. Ал эми Кадамжай району боюнча инвестициялардын көлөмү 1 487,7 млн сомду түзүп, жалпысынынан 17 долбоор ишке ашкан.

Шаарлар боюнча ала турган болсок, Кызыл-Кыя шаары боюнча ички жана сырткы инвестициялардын көлөмү 174,1 млн сомду түзүп, жалпысынынан 5 долбоор ишке ашкан. Сүлүктү шаары боюнча инвестициялардын көлөмү 33,3 млн сомду түзүп, жалпысынынан 12 долбоор ишке ашкан. Ал эми Баткен шаарына тартылган инвестициялардын көлөмү 651,4 млн сомду түзүп, анын ичинен 4 долбоор ишке ашкан.

Жыл башынан бери облуста жалпысынан 6 кичи ГЭСти курууга инвестор тартылган. Ал эми облуста жалпы 12 кичи цех, анын ичинде 3 тигүүчү цех инвесторлор тарабынан каржыланып ишке берилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM