Биз менен байланышыңыз

Эки күнгө созулган Элдик курултай жыйынтыкталды

Кыска кабар | 27 Ноя 2022 | 231 | 0

Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда 25-26-ноябрда Бишкекте өткөн биринчи Элдик курултай өз ишин аяктады. Курултайга өлкөнүн бардык аймактарынан, ошондой эле чет өлкөлөрдө жашаган мигранттардын жана диний конфессиялардын өкүлдөрүнөн турган миңден ашуун делегат катышты.

Курултайда чек ара маселелери, билим берүү, таза суу жана сугат суу менен камсыздоо, айыл чарбасы, дыйкандарга жеңилдетилген насыялар, калкты тейлөө борборлорунун көйгөйлөрү, коррупциялык терс көрүнүштөр, райондор ортосундагы талаштуу жайыттар, эскилиги жеткен имараттар, жолдордун абалы ж.б. маселелерди көтөрүштү.

Курултайдын ишинин жыйынтыгын чыгарып жатып, Садыр Жапаров «Кумтөр» кени, учурда Кыргызстандын Улуттук банкында 40 тоннага жакын «Кумтөр» алтыны сакталып турганын билдирди.

Президент ошондой эле мамлекеттик системадагы кадр саясаты, кармалган активисттер, мамлекеттик казынага кайтарылган миллиарддаган сомдор, чет мамлекеттерде жазасын өтөп жаткан 900 кыргызстандыкты экстрадициялоо боюнча суроолорго жооп берди.

Мамлекет башчы Министрлер Кабинетине, мамлекеттик органдарга делегаттар тарабынан айтылган маселелерди чечүү боюнча өз убагында тийиштүү чараларды көрүүнү тапшырды.

Президент курултайдын катышуучуларына кайрылып, өлкөдөгү өздөрү күбө болгон мыйзам бузуулар тууралуу коркпой, ачык айтууну өтүндү.

Биринчи Элдик курултайдын жыйынтыгы менен Резолюция кабыл алынды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM