Биз менен байланышыңыз

Баткенде көчө соодага каршы күрөш жүргүзүлүүдө

Кыска кабар | 26 Ноя 2022 | 218 | 0

Баткен шаарынын мэриясы жана шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери көчө соода боюнча атайын рейд өткөрүштү.

Анда товарын көчөгө чыгарып алган дүкөн ээлерине, жолго сайып соода кылгандарга бир катар эскертүүлөр берилди. Андан тышкары 12 протокол түзүлүп, жалпы 14 миң сом айып салынды.

Айта кетсек, Баткен шаарында көчө соода көптөн бери көйгөй жаратып келүүдө. Буга чейин да бир нече ирет эскертүүлөр берилип, айып пулдар салынган.

Жергиликтүү тургундар жолдун чаңынан, ары-бери өткөн унаалардын газынан мөмө-жемиштер ууланып, ал элдин саламаттыгына доо кетирип жатканын, ошол эле учурда көчө соода жолду тарытып, адамдардын, унаалардын өтүшүнө тоскоолдук жаратарын айтып, даттанып келишкен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM