Биз менен байланышыңыз

ЕАЭБ макулдашуусунун алкагында берилген пенсия тууралуу маалымат

Кыска кабар | 24 Ноя 2022 | 162 | 0

2021-жылдын 1-январынан тарта Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) мамлекеттери менен биргеликте Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан иштелип чыккан пенсиялык камсыздоо жөнүндө макулдашуу күчүнө кирген.

Макулдашууга ылайык, ЕАЭБке мүчө башка мамлекеттин аймагында эмгек же башка ишмердик кылуу аркылуу пенсиялык укуктарды түзүлүп жаткан же түзүлгөн Кыргызстандын, Казакстандын, Россиянын, Армениянын жана Беларусиянын жарандары эмгекчилер болуп саналат.

Бул макулдашуунун алкагында 2022-жылдын январь-октябрь айларында 18 жаранга, анын ичинен Орусиянын 15 жаранына, Казакстандын 2 жаранына пенсия чектелген.

Мындан тышкары, пенсиянын бир бөлүгү Орусия тарабынан Кыргызстандын бир жаранына (багуучусунан айрылгандыгына байланыштуу) дайындалган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM