Биз менен байланышыңыз

Президент Жапаровдун Арменияга болгон иш сапары аяктады

Кыска кабар | 24 Ноя 2022 | 156 | 0

Президент Садыр Жапаровдун Арменияга 23-ноябрда болгон бир күндүк иш сапары аяктады.

Иш сапарынын алкагында мамлекет башчысы Ереван шаарында Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына катышты.

Өз сөзүндө Садыр Жапаров глобалдык коопсуздук тутумундагы татаал жана жалпы өзгөрүүлөрдүн мезгилинде, саясий, экономикалык, маалыматтык, аскердик ыкмалар жана каражаттардын кеңири спектри колдонулуп жаткан учурда, өзгөрүп жаткан кырдаалга өз убагында жооп берүү үчүн кызматташтыкты ырааттуу активдештирүү зарылдыгын белгиледи.
ЖККУнун ЖКК сессиясынын жыйынтыгында Уюмга мүчө мамлекеттердин — Кыргызстан, Армения, Беларусь, Казакстан, Орусия, Тажикстандын башчылары бир катар документтерге кол коюшту.

Белгилей кетсек, ЖККУга төрагалык Армениядан Беларусияга өттү.

Өз кезегинде Казакстандын өкүлү Имангали Тасмагамбетов 2023-жылдын 1-январынан тарта ЖККУнун Башкы катчысы болот.

Президент Садыр Жапаров иш сапарын аяктап, 24-ноябрга караган түнү Бишкек шаарына кайтып келди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM