Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги Жукеев-Пудовкин көчөсүндө көп кабаттуу унаа токтотуучу жай курулары айтылды

Кыска кабар | 23 Ноя 2022 | 210 | 0

Бишкек шаарынын Жукеев-Пудовкин көчөсү, 138 дареги боюнча биринчи муниципалдык көп кабаттуу унаа токтотуучу жайды куруу пландалууда.

Шаардык мэриядан билдиришкендей, мындан тышкары, жогоруда аталган жер тилкеде футбол аянтчасын, воркаут аянтчасын, гүл бакча жана балдар ойноочу аянтчаны куруу пландалууда.

Белгилей кетсек, аталган участокто №12 гараж кооперативи жайгашкан.

Ушул жылдын 6-октябрындагы жер участокторуна ижара укугун берүү боюнча комиссиянын жыйынында Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментине жогоруда көрсөтүлгөн дарек боюнча жер участогун убактылуу пайдалануу укугун токтотууну каттоо үчүн «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Бишкек филиалына тиешелүү кат жөнөтүүнү тапшыруу чечими кабыл алынды. Учурда жер тилке департаментке бекитилген.

Ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясынын Көрктөндүрүү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясына объекттерди демонтаждоо маселесин иштеп чыгуу жана жер участогун баштапкы абалга келтирүү милдеттендирилди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM