Биз менен байланышыңыз

УКМК: Арашан айыл өкмөтүнүн башчысы коррупцияга шектелип кармалды

Кыска кабар | 23 Ноя 2022 | 214 | 0

Кечээ, 22-ноябрда Аламүдүн районунун Арашан айылынын башчысы Б.А.Б. кармалды. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (опузалап пара алуу) боюнча козголгон сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын алкагында кармалгандыгын УКМКнын басма сөз кызмат ыбилдирди.

Маалым болгондой, буга чейин «Т.С.Н.» фирмасынын директору 60 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси Б.А.Б.га карата чара көрүү тууралуу арызы менен кайрылган.

«Т.С.Н.» фирмасы 120 миң сомдук тендерди утуп алган, бирок иш аяктагандан кийин айыл өкмөт башчысы аталган компанияга каражаттарды которууну кечеңдетүү максатында жасалма кыйынчылыктарды түзө баштаган. Ошол эле учурда бул кырдаалды чечүү жолу катары тендердик сумманын жарымын түзгөн 60 миң сом талап кылган.

Ошентип, ал 22-ноябрында 60 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалган. Кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM