Биз менен байланышыңыз

Депутат: «Логижоп» жарандарды чет өлкөгө жумушка алдап жөнөтүүдө

Кыска кабар | 23 Ноя 2022 | 428 | 0

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Миргуль Темиралиева Болгарияда иштеп жүргөн жарандардын кайрылуусуна токтолду.

Анын баамында, акыркы учурда чет өлкөгө жумушка жөнөтүүчү компаниялар жарандарды алдаган учурлар көп катталууда.

«Мына ошолордун бири «Логижоп» компаниясы. Аталган компания аркылуу биздин 22-25 жаштагы көп жараныбыз 700-100 еврого чейин айлык алабыз деп, жергиликтүү компанияга 700 евродон төлөп кетишкен. Бирок алардын айлыктары 30 миңдин тегерегинде экен. Алар алданып калгандыгын эми билип, кайрылып жатышат. Алар өлкөсүнө кайтып келүүгө акчалары жетпей жатат. Ошондуктан тиешелүү министрликке тапшырма берсеңиз, Болгариядагы мекендештерибизден кабар алып, керектүү жардамын беришсе», — деди депутат.

Ошондой эле Темиралиева Кыргызстандагы чет өлкөгө жумушчуларды жөнөтүүчү агенстволордун ишин текшерүүгө чакырды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM