Биз менен байланышыңыз

Депутат Түндүк-Түштүк альтернативдик жолу боюнча депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады

Кыска кабар | 23 Ноя 2022 | 125 | 0

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Мейкинбек Абдалиев Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун курулушунда бир топ мүчүлүштүтөр бар экендигин белгилеп, депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады.

Анын билдирүүсүнө ылайык,  Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун курулушуна 1 млдр доллар өлчөмүндө акча каражаты  каралган.

«Өлкөнүн тышкы карызы 4,5 млрд доллар болсо, анын төрттөн бир бөлүгү жолду курууга сарпталып жатат. Парламенттин алтынчы чакрылышы депутаттык комиссия түзүп үлгүрбөй калганбыз. Ал жерде чоң мыйзам бузуулар бар деп угуп келе жатабыз. Ошондуктан ар бир фракциядан, комитеттен, элдик топтордон кошуп, комиссия түзүп, бул маселени карап чыксак» , — деди ал.

Ага жооп катары вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев депутаттык комиссия түзүү үчүн биринчи фракциянын же комитеттин чечими керек экендигин айтты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM