Биз менен байланышыңыз

Нурбаев: Араванда свет өчүп, пахта заводдор иштебей турат

Кыска кабар | 23 Ноя 2022 | 217 | 0

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында «Элдик» топтун депутаты Жалолидин Нурбаев Президенттин иш башкармалыгынын орун басарынын депутат Өмүрбек Бакировго кылган мамилеси боюнча вице-спикер Нурбек Сыдыгалиевге кайрылып, маселени бүгүн чечүүсүн суранды.

Анын айтымында, депутат Өмүрбек Бакиров алтынчы чакырылышта дагы депутат болгондуктан, алар 2020-жылы орун алган төңкөрүштөн кийин, ар бири өз кабинетин өздөрү ремонттон өткөргөн. 7-чакырылышта кайра депутат болуп келгендери өз кабинеттеринде калышкан.

Ошондуктан ал бул маселени тез арада чечилүүсү керек экендигин белгилеп, жалпы депутаттарды ынтымакка чакырды.

Жалолидин Нурбаев ошондой эле Араванда свет өчүп, пахта заводдордун ишине тоскоолдуктар жаралып жаткандыгын белгиледи.

«Өзү эл пахталарын сатканга аларман таппай жатса, свет өчүп жатыптыр. Үч күндөн бери пахта заводдогулар кайрылып жатышат. Электр энергиясы келгенден кийин пахиа заводду иштетиш үчүн 5-6 саат кызытыш керек, андан кийин гана иш башталат. Бул деген өнөр-жай, өнөр-жай ишканаларын үзгүлтүккө учуратпасак», — деди Нурбаев.

Депутат президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылып, бул маселени тез арада чечүүнү талап кылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM