Биз менен байланышыңыз

Айжигитов Баткен аэропортуна эл аралык статус берүүнү сунуштады

Кыска кабар | 23 Ноя 2022 | 399 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитов парламенттин бүгүнкү жыйынында Баткен облусуна байланыштуу бир топ маселени көтөрдү.

Анын айтымында, Баткендеги акыркы 2 жылда орун алган Тажикстандын агрессиясынан улам, окуучулардын билим алуусу тоскоолдукка учурап, балдар жакшы билим ала албай жатышат.

Ал маселени жоюу максатында ал бүтүрүүчү класстарга мектептерге ЖТРга даярдык курстарын уюштурууну сунуштады.

Султанбай Айжигитов экинчи маселе катары Бишкектеги Дайыр Асанов атындагы аскердик окуу жайын Баткенге көчүрүүнү жергиликтүү туругундар суранып жатышканын айтты.

Мындан сырткары эл өкүлү миграцияда жүргөндөрдүн жарымын Баткен обулусунун тургундары түзө тургандыгын белгилеп, Баткен аэропортуна эл аралык деген статус берүүнү сунуштады.

Өзүнүн аягында депутат вице-спикерге кайрылып, бул маселелер боюнча өкмөткө протоколдук тапшырма берүүсүн өтүндү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM