Биз менен байланышыңыз

Баткенде 826 жарандын документи калыбына келтирилди

Кыска кабар | 23 Ноя 2022 | 212 | 0

Баткен облусунда 826 жарандын документтери калыбына келтирилди. Бул тууралуу Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Ушул жылдын 14-17-сентябрь күндөрү Тажикстандын агрессиясынан өздүгүн аныктоочу документтерин жоготкон жарандарга Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан документтерди кабыл алуу жүргүзүлгөн.

Мамлекеттик каттоо кызматы жалпысынан тиешелүү документтерин алуу үчүн 826 жарандын арызын кабыл алган. Алардын ичинен Лейлек районуна 380 Баткен районуна 414 жана Кадамжай районуна эвакуация болгон 31 жарандан арыз келип түшкөн. Бүгүнкү күнгө карата 826 жарандын документтери толугу менен калыбына келтирилип, тапшырылды.

Кырдаалга байланыштуу Баткен шаарындагы Мамлекеттик каттоо кызматынын жарандарды кабыл алуу борборунун (ЦОН) 1-кабатында жабыркаган жарандардын документтерин калыбына келтирүү боюнча жарандарды кезексиз кабыл алуу жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM