Биз менен байланышыңыз

Баткен жана Ош тургундарынын дээрлик 19,5 млн сомдук насыясы кечилди

Кыска кабар | 22 Ноя 2022 | 269 | 0

Баткен жана Ош облусунда куралдуу кагылышууда жабыркаган карыз алуучулардын 19 млн 459 миң сомдук насыясы кечилди. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы билдирди.

Финансы-кредит уюмдарынан алынган маалыматтар боюнча, ушул жылдын 17-ноябрына карата карыз алуучулардан 443 кайрылуу түштү. Алардын ичинен 19 млн 459 миң сом суммасында 283 насыя эсептен алынып, 36 млн 485 миң сом суммасында 155 кредит реструктуризацияланган.

Азыркы тапта, Финансы-кредит уюмдары аталган региондордун жабыркаган карыз алуучуларынан келип жаткан бардык арыздарды кароону улантып жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM