Биз менен байланышыңыз

Орусияда кыргызстандык таксист муунтуп өлтүрүлгөнү кабарланды

Кыска кабар | 22 Ноя 2022 | 454 | 0

Орусиянын Москва шаарында таксист болуп иштеген кыргыз жараны муунтуп өлтүрүлгөн. Бул тууралуу маалымат Москва шаары боюнча тергөө комитетинин сайтында жарыяланды.

Маалыматка ылайык, “Адам өлтүрүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

«Тергөөнүн маалыматына ылайык, Москва шаарынын Ельнинская көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн короосунда такси унаасынын ичинен 1972-жылы туулган айдоочунун сөөгү табылган. Ал муунтуп өлтүрүлгөн.

Таксинин айдоочусун өлтүрүүгө шектелген жаран Москванын батышында кармалган. Анын жанынан өлтүрүлгөн жарандын банктык картасы табылган”, — деп айтылат маалыматта.

ЖМКлар маркум Кыргызстандын жараны экенин жазышууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM