Биз менен байланышыңыз

Катар дүйнө чемпионатына баңгизат алып келүүгө аракет кылгандар кармалганын билдирди

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Ноя 2022 | 306 | 0

Кечээ, 21-ноябрь Катардын бийлиги дүйнө чемпионаты учурунда биринчи жолу баңгизат жана ооруну басаңдатуучу трамадол кармалганын билдирди.
Бул тууралуу France Presse маалымат агенттиги жазды.

Катардын бажы кызматкерлери Хамад эл аралык аэропортунда коопсуздукту текшерүү учурунда жүргүнчүлөрдүн биринин багажынан мыйзамсыз баңгизат табышкан. Андан 2 миңге жакын трамадол таблеткасы жана 464,5 грамм гашиш алынган.

Учурда кармалган адам кайсыз өлкөнүн жараны экени айтыла элек. Иш сотко ашырылган. Катарда баңгизатты сактоо, колдонуу жана аткезчилик үчүн катуу жазалар бар, алар узак мөөнөткө эркинен ажыратууну, чоң айыптарды жана депортацияны камтыйт.

Трамадол ооруну басаңдатуучу дарылардын тобуна кирет жана борборлоштурулган күчтүү анальгетик.

Дары 2012-жылдан бери дүйнөлүк антидопинг агенттигинин (WADA) мониторинг программасына киргизилген. WADAнын трамадолду колдонууга тыюу салуусу 2024-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM