Биз менен байланышыңыз

Бир катар жетекчилик кызматтар саясий кызматка которулду

Кыска кабар | 21 Ноя 2022 | 262 | 0

Президент Садыр Жапаров «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Жарлыктын максаты, бирдиктүү мамлекеттик кадр саясатын ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатуу болуп эсептелет.

Ага ылайык, президент, министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан дайындала турган кызмат орундарынын номенклатурасына кирген мамлекеттик органдардын жетекчилери саясий кызмат орундарына которулду.

Бул номенклатурага төмөнкү кызматтар кирет:

-Министрдин орун басары, мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары, президентке караштуу мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басары (Президенттин түздөн-түз карамагында), министрлер кабинетине караштуу административдик ведомствонун жетекчисинин орун басары, аткаруу бийлигинин башка органынын жетекчисинин орун басары.

-Мамлекеттик органдын ведомстволук бөлүмүнүн жетекчиси (президент, министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан дайындалуучу жана бошотулуучу кызмат орундары),

-Мамлекеттик органдын ведомстволук бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары (президент, министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан дайындалуучу жана бошотулуучу кызмат орундары).

Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM